Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери дүйнөлүк чемпионаттан ийгилик менен кайтышты

5-7-апрель күндөрү Туркиянын Стамбул шаарында өткөн дүйнөлүк  “Шотокан» каратэ чемпинатында катышып, ийгиликтерге жетип келишти.

Аталган чемпинатка катышкан Дене тарбия бөлүмүнүн 5-курсунун студенти (-75 кг салмакта) Абдижалил уулу Атай 3-орунга жетишсе, колледждин 1-курсунун  студенти Бакытбек кызы Раиса 16-17 жаш кыздар арасында (-53 кг салмакта) 2-орунга ээ  болгон. Абдижалил уулу Атайдын айтуусунда дүйнөнүн 53 мамлекети катышкан чемпионатка Ош шаарынан 7 спортчу катышып, баары ийгиликтер менен кайтышкан. Аларды Улуттук Каратэ-до WKF Федерациясынын президенти Нурдөөлөт Рысбеков жетектеп барган.

Окуу жайдын гана эмес Ош шаарынын, Кыргызстандын намысын коргогон жаш спортчуларды окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев куттуктап, ар дайым кыргыздын желегин бийик желбирете берүүлөрүн каалады.  

 

Басма сөз катчы                                           З.А.Нуралиева