Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери дүйнөлүк программа менен иштешет...

Келечекке карай өз максатынын үйүн курган  билимдүү, таланттуу жана аракетчил жаш  лидерлер алгылыктуу иш жүргүзүүдө.   Анын натыйжасында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинин алдында түзүлгөн “Enactus” командасы майрамдык кече тартуулады.

Аталган саамалыкка   окуу жай жетекчилиги менен биргеликте уюмдун атайын өкүлдөрү жана өнөктөш, демөөрчү топтор катышышты.  Бул иш чара “Enactus” боюнча жалпы жаштарга маалымат берүү жана окуу жайдын 1-курстарын командага кабыл алуу үчүн тааныштыруу максатында уюштурулду.

Алгач  кечени окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, мындан ары да бул командага жакындан колдоо көрсөтөөрүн айтып, алдыдагы иштерине ийгилик каалап өттү.  Андан соң команда мүчөлөрү өздөрүн тааныштырып,  “Enactus” жөнүндө кенен түшүнүк беришип жана топтун буга чейинки жетишкендиктери жөнүндө атайын даярдалган видео-ролик көрсөтүштү.

Белгилей кетсек Enaktus-бул эл аралык  глобалдуу уюм катары жаш лидерлер жана ийгиликтүү жеке ишкерлер менен иш алып барат.  Учурда аталган  программада 36 өлкө,1700 жогорку окуу жай жана 66 500 студент мүчө. Мында катышуучулар долбоорлордун үстүнөн иштеп, алар ишке ашырган бизнес-ойлор аймактагы социалдык, экологиялык жана экономикалык абалды байкап, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталат. Кыргызстанда бул уюм 1995-жылдан тарта иштеп баштаса ал эми ОГПИде 2015-жылдан бери студенттерден команда куралып, уюмдун программасына ылайык иш жүргүзүшүүдө. Алдыда команда Голландия өлкөсүнө барып, тажрыйба алмашууга шарттар түзүлүүдө.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу