Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин периси тандалды

24-апрель күнү Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда «ОГПИ периси-2018» кароо сынагы болуп өттү. Аталган сынак окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага ар бир факультеттен тандалган 8 пери катышты. Конкурсанттар жободо көрсөтүлгөн «Саламдашуу», «Акыл карачач», «Стилдүү пери» жана «Таланттуу пери» деп аталган төрт тапшырманын негизинде таймашышып, сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана өзгөчө өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Көптөн күткөн жыйынтыктоо учуру да келип жетип, калыстар тобунун чечимине ылайык  III орунга Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин периси Каныбек к Эркинай жана Колледждин периси Мамасалиева Кулпунай жетишип, “ОГПИнин ийкемдүү периси – 2018” наамы, диплом жана баалуу белектерге ээ болушту. Ал эми II орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Шамырбекова Айзат ээлеп, “ОГПИнин таланттуу периси – 2018” наамы, диплом жана кир жуучу машине менен сыйланды. Ошондой эле I орунду Музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Абдижапар к Нурайым багындырып, «ОГПИ периси -2018» наамы, диплом жана муздаткыч менен сыйланып, сынактын жеңүүчүсү аталды. 
Андан сырткары жалпы катышуучуларга Оштогу “Тезжет экспресс” компаниясынын демөөрчүлүгү жана окуу жайдын колдоосу менен Өзбекстан жергесине бир жумалык саякатка жолдомо ыйгарылды.

Жыйынтыгында окуу жайдын ректору сөз сүйлөп, калыстык кызматты аткарышкан белгилүү маданият кызматкерлерине өз ыраазычылыгын билдирип, ошону менен бирге сынактын ар бир катышуучусуна ректор өзүнүн атынан букет гулдөрдү тапшыруу менен жетекчиликтин алкышын билдирип өттү.