Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин “Эмгек сиңирген ишмери” наамы 88 жаштагы жетекчиге ыйгарылды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтун 1966-1970-жылдары жетектеген Салимбаева Канада Кадыровна окуу жайда конокто болуп, жамаат менен жолугушту.

Жолугушуу институттун чоң залында ректор Б.Б.Зулуев баштаган эмгек жамааттын жана студенттердин катышуусунда болуп, мында окуу жайдын жана билим берүүнүн тарыхы, бала окутуунун, тарбиялоонун актуалдуулугу жана жеке инсандык калптануу тууралуу жакындан баарлашуу жүрдү.

Окуу жайды мындан жарым кылым мурун жетектеп, өзүнүн зор эмгегин билим берүүгө арнаган 88 жаштагы Канада Салимбаева алгач өз сөзүндө атайын көңүл бөлүп, урмат сый менен чакырып отурган жамаатка ыраазычылык билдирип, мугалимдик кесипти аркалап, ө0мүрүмдү билим берүүгө арнаганымдын рахатын тартуулап жатасынар деп баса белгиледи. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Салимбаева өзуү жетектеп турган учурдагы окуу жайдын абалы, ал мезгилдеги оор кырдаалдар жана окутууга такыр шарт жок болсо да ак эмгек менен бир нече мугалимдерди сапаттуу адис кылып даярдап чыгаргандары тууралуу сөз кылды. Мындан тышкары студенттер жана окутуучулар ар кандай кызыктуу суроолор менен кайрылышып, эжекенин ошол жашта экенине карабастан баарына мыкты сүйлөө чеберчилик менен таасирдүү жоопторду бергени көпчүлүктү кубантты.

Жолугушуунун соңунда  ОГПИнин өнүгүү тарыхында эбегейсиз из калтырган Канада Салимбаевага ректор Б.Б.Зулуев жамааттын атынан ыраазычылык билдирип, институттун ардактуу сыйлыгы болгон ОГПИнин эмгек синирген ишмери наамын, тош белгисин жана акчалай сыйлык тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу