Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин Дене тарбия факультетинде ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

28-февраль Ош гуманитардык педагогикалык институтунун Дене тарбия факультетинде студенттердин ата-энелери менен факультет жамаатынын жолугушуу кечеси уюштурулду.

Жолугушууну факультеттин деканы Кубаныч Мамытов алып барып, алгач ата-энелерге факультеттин курамы, окутуучулар жана кураторлор менен тааныштырып, ошондой эле  учурдагы факультеттин окуу процесси, ишмердүүлүгү, балдарынын кандай шартта билим алышып жаткандыгы жана ата-энелер менен факультеттин байланышын бекемдөөдөгү натыйжалуулуктар  боюнча маалымат берип өттү. Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен эркин пикир алышуу болуп, анда билим берүүдөгү көйгөйлөр, билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы үй-бүлөгө байланыштуу маселелер боюнча талкуу болду.

Жолугушуудан соң ата-энелер окуу жайдын имараттарына, студенттик жатаканагы, борборлорго, спорт залдарга жана китеп каналарга саякат кылышып институттун базасы менен жакындан таанышып чыгышты.