Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИден усулдук колдоо

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында атайын семинар, курстар өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган семинар институттун алдындагы “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжинин жана Араван районундагы “Дулдул-Тоо” колледждериндеги медициналык, экономикалык жана укук бөлүмүнүн мугалимдери билим алышууда. Мында катышуучулардын педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн ОГПИден тиешелүү багыт боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары көргөзмөлүү сабактарды, билим берүүнү жаңы стандарттары боюнча мастер класстарды өтүп жатышат.

Семинар планга ылайык эки жумага уланып, жыйынтыгында жалпы катышуучуларга окуу жай тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат.

Белгилей кетсек “ОГПИден усулдук колдоо” долбоорунун негизинде жергиликтүү жана алыскы райондордун мугалимдерине семинарлар уюштурулуп келет.

 

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу