Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИдеги тегерек стол

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Интернет маалымат булактарынын жаштарга тийгизген таасири” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. 

Иш чара Гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин деканы А.Т.Абжалов, тиешелүү тармактардан коноктор, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Тегерек столдун башында Ынтымак телерадио компаниясынын башкы адиси, журналист А.Беделбай кызы аталган кафедранын улук окуутуучулары  Б.Эргешова жана Г.Айтиевалар тарабынан  теманын негизинде баяндама жасалып, катышуучуларга интернет тармагы жөнүндө, анын зыяндуу жана терс жактары ошондой эле сайттардан маалымат алуунун жөнөкөй эрежелери тууралуу маалымат берип өтүштү. Мындан тышкары учурда Кыргызстанда  эл көп колдонгон сайттар боюнча да токтолушуп, ошону менен бирге студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар чагылдырылган сайттарды сунуштоо менен электрондук досканын жардамында түз көрсөтүп беришти.

Тегерек столдун жүрүшү кызуу талкуу менен коштолуп, катышкан жаштарга интернет булактарын туура пайдалануу, социалдык тармактардын билим алууга тийгизген терс таасирлери ж.б. маселелер баюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Материалды даярдаган

Кубаныч Жылкычы уулу