Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик күнү белдгиленди

   Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата атайын иш-чара уюштурулду.

   Аталган саамалык окуу жайдын «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы тарабынан даярдалып, биринчи бөлүгү бул тармакта иш алып барып жаткан ОГПИнин бүтүрүүчүлөрү менен студенттердин жолугушуусу болсо, ал эми экинчи бөлүмү студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

    Эскерте кетсек ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылы атайын министрликтин уруксааты менен ачылып, он жыл аралыгында жүздөгөн кесип ээлерин даярдап туурунан учурса, азырда бир топ студентке билим, тарбия берүү менен коомубуздун социалдык тармагына бараандуу салымын кошуп келе жатышат. ​