Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата иш чаралар өткөрүлдү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата бир нече иш  чаралар өткөрүлдү. 22-апрель күнү окуу жайда жаёы китептердин көргөзмөсү өткөрүлсө, ошол эле күнү  Ош шаарындагы ири китеп дүкөндөрү болгон «Кел-кел» жана «Раритет» дүкөндөрүнүн кызматкерлери  педагогикалык багыттагы китептери сатылды.

23-апрелде окуу жайдын «Жаштар маданий-эстетикалык» борборунда  «Китеп-билим булагы» деген аталыштагы китеп марафону өткөрүлдү.  

Марафонго окуу жайдын окуу иштери боюнча поректору К.Т.Раимбеков, Кесиптик кошундун төрагасы А.Кошбаев, факультеттин декандары, кафедра башчылары, окутуучулар, студенттер катышышты.

Алгач сөзгө чыккан китепкананын директору, улук окутуучу Б.Абдынапова марафонго келген китеп сүйүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, окуу жайда билим алып жаткан студенттердин билим казынасын байытууга арналган марафон ар жылы өткөрүлүп, баалуу китептер менен толукталып келе жаткандыгын белгилеп өттү.

«Көп түкүрсө көл болот» дегендей марафондо 300 дөн ашуун жаёы басылып чыгарылган окуу-усулдук, илимий жана көркөм адабияттар окутуучу, студенттер тарабынан тапшырылды.  Ошондой эле таланттуу студенттер тарабынан жазылган  китеп жөнүндө ырлар окулуп, музыкалык чыгармалар аткарылды. Келген коноктор марафон өткөрүп жаткан китепкана жамаатына ыраазычылык билдиришти.

 

 

Басма сөз катчы                                                       З.А.Нуралиева