Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде “АЛТЫН КҮЗ – 2017” жарманкеси болуп өттү

    Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай  “Алтын күз – 2017” аталышында түшүм майрамы белгиленди.

     Иш чара окуу жайдын Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, факультеттин тайпалары, ар кандай өсүмдүктөрдүн, улуттук даамдардын түрлөрүн стол үстүнө жаюу менен жарманкеге кызуу даярдыкта катышышты. Ошондой эле атайын студенттер ортосунда күз мезгилине байланыштуу ыр, дилбаян жазуу жана сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер ыйгарылды.

     Жарманкенин экинчи бөлүгү, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

     Жыл мезгилдеринин арасынан  токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган  күз мезгили, озүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын аталган факультет тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет.