Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жаңыдан курулган жылуулук берүүчү борбордун ачылышы болуп өттү. Ачылуу иш чарасы расмий түрдө окуу жай жетекчилиги жана окутуучулардын катышуусунда болуп, борбордун кызыл тасмасын кесишти.

Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.

Учурда от казан институттун 2 окуу корпусун толук түрдө жылуулук менен камсыздады. Мындан сырткары жакынкы күндөрдө 2 имараттан турган студенттик жатаканага да жылуулук берүү ишке алмакчы.

Белгилей кетсек буга чейин окуу жайды Ош шаардык жылуулук электр борбору жылуулук менен камсыздап келген болсо, бул жылдан тартып институттун өздүк жылуулук берүүчү борбору аркылуу камсыздалмакчы.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу