Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде таланттуу студенттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

ОГПИнин Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасында кезектеги илимий методикалык, маданий эстетикалык жумалык болуп, анын алкагында музыка адистигинде окуган студенттер ортосунда “Кош жылдыз” таймашы болуп өттү.

Мелдешке музыка адистигинин ар бир тайпасынан бирден кыз-жигит катышып, жобонун негизинде  дуэт ырдоо, сахналык көрүнүш аткаруу, улуттук аспаптардын коштоосунда элдик ыр аткаруу жана өзгөчө өнөр көрсөтүү менен өз чыгармачылыктарын көрүүчүлөргө тартуулашты. Кош жылдыздардын өнөрлөрү атайын түзүлгөн калыстар тобунун баалоосу менен  жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында М-17 тайпасынын студенттери Урматбек у Марлен менен Абдисалам кызы Миргүл жеңүүчү аталышып, уюштуруу тобу тарабынан баалуу белек, диплом менен сыйланышты.

Иш чара студенттердин маданий, эстетикалык эс алуусун камсыздоо, чыгармачылыктарын өнүктүрүү, ич ара мамилени чындоо жана биргелешип иш алып барууларын калптандыруу максатында уюштурулду.

 

Материалды даярдаган:

 Кубаныч Жылкычы уулу