Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде студенттердин спорттук мелдеши өтүп жатат

10-ноябрь аштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттерин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер аралык факультеттер ортосунда  спорттук  мелдеш болуп жатат.

Спорттук мелдеш Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, фудбол, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис, кыргыз күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча студенттер таймашууда. Оюндун жыйынтыгында мыкты факультет, мыкты команда жана мыкты спортчулар аныкталып, 17-ноябрь студенттер күнүнө карата болуучу салтанатта жеңүүчүлөр сыйланмакчы.

Эскерте кетсек аталган мелдеш белгиленген спорттун түрлөрү боюнча окуу жайдын курама командасын бышыктоо, студенттерди сергек жашоого үндөө жана достук мамилени чыңдоо максатында жылына эки ирет салтка айланып өткөрүлүп келет.

 

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу