Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белдгиленди

Бүгүн 19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик  жамааты, окутуучулар жана студенттер катышыты. Иш чаранын салтанаттуу бөлүгүн факультеттин деканы Т.Абжалов ачып, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталарын тапшырды. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштүр аткарылды.

Эскерте кетсек ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылы атайын министрликтин уруксааты менен ачылып, бул аралыкта жүздөгөн кесип ээлерин даярдап туурунан учурса, азырда бир топ студентке билим, тарбия берүү менен коомубуздун социалдык тармагына бараандуу салымын кошуп келе жатышат.

 

Материалды даярдаган  Жылкычы  у.К.