Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде райондор аралык волейбол боюнча мелдеш өттү

23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө  жана 2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Мелдеш аймактар арасында достук мамилени бекемдеп, коомго сергек жашоонун образык жайылтуу максатында  40 жаштан жогорку курактагы эркектер ортосунда уюштурулган. Аталган достук мелдеш  Кара-Кулжа, Лейлек, Алай,  Өзгөн райондорунан  жана ОГПИден келген командалардын катышуусунда, окуу жайдын спорттук залында салтанаттуу түрдө ачылуу аземи менен башталды. Иш чараны  уюштуруучу катары ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө жалпы катышуучуларды келе жаткан майрамдары менен кызуу куттуктап, мелдештин жүрүшүнө ийгилик каалоо менен саамалыктын демилгечилерине, уюштуруу тобуна жана байге фондун түзүп берген жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Таймаш калыстын ышкырыга менен старт алып, командалар майрамдык маанайда активдүү оюн көрсөтүп жатышты. Мелдеште командалардын ойноо системасы айлампа түрүндө болуп, чыныгы мыкты командалар аныкталышына шарт түзүлдү. Ошентип кырчылдаган ардагер спортчу агалардын тер чыгара оюн алып баруусу менен мыкты  командалар аныкталып, жыйынтыгында III орунду Лейлек районунун “Катыраң” командасы, II орунду Кара-Кулжа районунун “Чалма” командасы ал эми баш байгени ОГПИнин ардагерлер командасы багындырып акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Эскерте кетсек аталган мелдеш “Отор Ойл” фирмасынын жетекчиси К.Сатыбалдыевдин демилгеси менен ОГПИнин алкагында жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келет. Быйылкы жылкы мелдешке жалпы байге фондуна жүз миң сом каралып, жеңүүчү командаларга, активдүү катышкандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле уюштуруу тобу тарабынан мырзалардын майрамынын урматына жалпы катышуучу спортчулар үчүн  майрамдык ысык тамак уюштурулду.