Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде АЛЫШ КҮРӨШ ЖАНА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

10-октябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдордун студенттери ортосунда спорттун “Алыш күрөш” жана “Таяк тартыш” түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Мыкты балбандарды беттештирген бул мелдеш аймактардагы студенттердин ортосунда достукту бекемдөө, аларга шык берүү жана коомчулукка спорт чөйрөсүн кеңейтүү максатында ОГПИнин Дене тарбия факультетин 2008-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр тарабынан атайын байге фонду каралып, уюштурулду.

Мелдештин салтанаттуу ачылуу аземин институттун ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн жөн гана 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп тим болбостон, жаш спортчуларыбызга көнүл бөлүү менен ушундай мелдешти демилгелеп, байгесин коюп берип жаткан уюштуруучуларга, алыс, жакындан келген конокторго окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

10 жылдык жолугушуунун алкагында демилгеленип уюштурулган бул таймашка БатМУнун, ЖАМУнун, ОшМЮИнин, ОшКӨУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин студенттери катышып, спортчулар ар түрдүү салмак категориялар боюнча кызыктуу спорт оюнун тартуулап беришти. Ошондой эле оюндун жүрүшүндө балбандар үчүн ОГПИнин профсоз комитети, чарба иштери боюнча проректору жана башка күйөрман агайлар тарабынан кызыктыруучу байгелер коюлуп, өзгөчө ыкма менен кызыктуу оюн көсөтүп жаткан спортчуларга ыйгарылды.

Мелдеш эл аралык аренадагы калыстардын көзөмөлү менен өткөрүлүп, күрөш аянтынын чеберлери жана таяк тартууда мыктылыгын көрсөткөн балбандар аныкталды.  Жыйынтыгында ар бир салмактык категория боюнча байгелүү орундарынын ээлери аныкталып, I, II, III орундарды камсыздаган спортчу студенттер диплом, медал жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр:

Таяк тартыш боюнча командалык эсеп менен I орун ОГПИ, II орун БатМУ, III орунда ОшМУ.

Алыш күрөш боюнча: 

60кг салмакта

III орун Мырзабеков А. ОшМУ.

II орун Абдижалил у Т БатМУ.

I орун Үсөн у Ө. БатМУ.

 

70кг салмакта

III орун Бекташов Т. ОГПИ.

II орун Сейитали у А. ОшМУ.

 I орун Шарабидин у А. ОшМУ.

 

80кг салмакта

III орун Имаралы у А. БатМУ.

 II орун Намазбеков Т. ОшТУ.

 I орун Сексенбаев Э. ЖАМУ.

80+кг салмакта

III орун Матабаев Ж. ОГПИ.

 II орун Талантбек у Э. ОшМЮИ.

I орун Кубаныч у К. ОГПИ.