Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ. ОНЛАЙН БУТҮРҮҮ АЗЕМИ

ОГПИ. ОНЛАЙН БУТҮРҮҮ АЗЕМИ

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда бүтүрүучүлөрдү узатуу салтанаты онлайн түрдө болуп, болочоктогу агартуучуларга расмий турдө куттуктоолор айтылды.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигининин тиешелүу буйруктарына ылайык өлкөбүздөгү бардык билим берүү тармактарында иш чаралар аралыктан уюштурулуп жатат. Мунун алкагында ОГПИде да “Ак жол сага бүтүрүүчү” деген аталышта онлайн коференция уюштурулуп, буга окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, факультеттердин декандары жана жогорку билим берүү, орто билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алгач окуу жайдын ректору Б.Зулуев бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна байсалдуу сапар каалап, мыкты кадр катары өз билимдерин турмушта колдонуп жүрүшүнө тилктештигин билдирүү менен жалпы эмгек жамааттын атынан кызуу куттуктоосун билдирди. Бул менен катар ректор жалпы бүтүрүүчүлөргө кайрылып, коомдо жаралган жагдайга ылайык, мантия кийип, студенттик сахнада акыркы ирет концерт тартуулоонун ордуна мынтип үй шартында онлайн бүтүрүү аземине дуушар болуп жатканыбызды туура түшүнүү менен кабыл алып, болуп жаткан апаатты биргеликте, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү менен жеңээрибизди белгиледи. Ошондой эле студенттердин атынан да өкүлдөр өз ойлорун айтышып, окуу жайга, эмгек жамаатка өз ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Жолугушуунун экинчи суроо-жооп менен коштолуп, бүтүрүүчүлөр бир нече суроо, сунуш, ой-пикирлери менен кайрылышып, окуу жай жетекчилиги тарабынан ачык жоопторду ала алышты.