Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ – кичи максаттарды, чоң максаттарга айландырган мекеним

Окуу жайымдын зоболосу артып турган учурда тилектеш, билектеш болуп жүргөн күндөрүмө ыраазымын!

Саламатсыңбы! Дүйшөндөр учкан алтын уям. Ооба, кайрылып студенттик күндөрүмдүн  баа жеткис элестерин көз алдыма чагылдырып, кучагыңда олтурган учурум. Убакыттын зымырап учкан куштай бат өткөнүн бүгүн билип турамын. Биринчи курска келген күндөрүмдө, керенгеси кенен окуу жайдын жүзүн тааныбай, жолдун алыстыгын артка таштап, бир айдын ичинде, бир нече жолу айылга барганымда, ар жолку сайын Атамдын “ушул жылы окуп көр, болбой калса өзүңдүн тандооң” деген сөзү мени окуу жай менен байланыштырды. Мына ошол күндөн тартып, келечекке жол ачкан төрт жылдык убактымдын баалуу мүнөттөрү өткөн окуу жайымды “мекеним” деп атоону туура көрдүм. Анткени сенден адамга эмне керек болсо баарын таптым. Эн негизгиси адамдык касиет, көөдөнү мээримге толгон агай-эжей, тубөлүктүү дос, өз тууганындай көргөн ага-эжелерди, өзгөлөрдү өзүндөй болуусун каалаган, жакшы сөз менен туура жолго салган улуу муунду таптым.

ОГПИден билим алаарымда ушул ийгиликтерди жаратарымды билген эмесмин, бирок ушундай ийгиликтер үчүн шарт түзүп бергени ар убак көз жаздымда кала берет. Алгач эле “Ала – Тоо жазы” фестивалы кылымдык убакытка  барктап жүргөнгө арзыйт. Окуу жайымдын желеги желбиреп, биринчи орун деген чоң жетишкендикти угуп, сахна артындагы кубанычтан чыккан көз жаштар, кучак жая куттукташкан асыл сөздөр, кобурашып жетишкен ийгиликти жар салгыбыз келген ысык жүздөр... баалаганга татыктуу эмей эмне? Жараткан эгебиздин тартуу кылган күндөрү себеп болуп, жылына бир жолу куттуу жайыбыз үчүн белгиленчү күнгө дал келип, сенин туулган күнүңө бизден белек болсун деп, алыстан саламдарды узатып жатпадык беле... ооба ал убактар сенин тарыхында кала берди. А ошол жылдарга туш келген менин тарыхымдын мааанилүүкүнү бойдон да жашайт. Улуу күнгө себепчи болуп, жети дубанды бириктирген “Достук” фестивалы, аймактык олимпиада бизде өткөнү да тажрыйба топтоого себепчи болду. Ар тараптуу, ар тараптан келген достор менен таанышып, алар аркылуу эл-жер таанып, ийгилиликтин сап башында жүрүп,  Жети дубанды, жакынкы күндөрдөгү Өзбекстан өлкөсүн көрүү, студент болгондун баарына эле буйурбаса керек. Көрсө жаратмандын сабактары турмуштук да, жумуштук да багытка даярдаганы, жаштар комитети менен биргеликте окуу жайдын негизги таянычы болуп,  көзгө көрүнүктүү иштерди алгылыктуу аткарып,  “Тирек” кол өнөрчүлөр клубу аркылуу бир нече катылып жаткан таланттарды алып чыгууга жетиштик.

 Мугалимдик кесиптин дангыр жолун ачып, ар убак туура кеңешин берип, мектеп эмне? Окуучу эмне? – аталгандарды айырмалап кърсөткөн агай – эжейлерге рахмат! Кээ бир учурда токсон мүнөттүк сабактан таасир албаганыма өкүнөм. Анткени билимдүү адамдын жан дүйнөсү гана билимдүү муунду тарбиялайт тура.

Мен сыяктуу кээ бирлердин жашоосу окуу жай менен байланышып калуусуна себепчи болгон, бар жан дүйнөсүн окуу жайга арнап, жамааттын татыктуу башчысы, адамгерчилиги бийик, кылган ишинин ар биринин артында күжүрмөн эмгек жаткан, биздин сүйүктүү агайыбыз Бекмурза агай бар болуңуз! Жөнөкөй деген сапаттын сап башында туруп, күнүмдүк тажрыйбаңыз менен үлгү болуп келесиз. Ар жолку студенттик эс алуудан келгенде, жаңыланууну көрүп, дем-күч алып, жаңы окуу жылында куштарланып окуп жүрдүк. Мен ОГПИде окугандан уялам... А бүгүнчү... Жок башымды бийик көтөрүп, аталган окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүсү деп жүргөнгө ар убак кудуретим жетет. Сиздин ишмердүүлүк учурунда бир канча өзгөрүүлөр, жаңылануулар, билим тармагында конкреттүү өсүүлөр болду. Убагы келип тарых барактарында мына ушул адал эмгектер алтын тамгалар менен жазылат десем жаңылышпас чыгаармын. “Биздин билим канада  таза, карапайым үй бүлөлөрдүн балдары окуйт. Байдын баласында силердегидей бакыт жок” деген пикириңиз канча студентти куштарлантып, окуу жайдын сүйүүсүнө себепчи болду. Шартка карабастан, бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып канчалаган студенттерге жол ачып бердиңиз! Айтор жакшы адамдын түпкү казынасын терең казсаң, андагы баалуулуктарды айтып бүтпөс чыгаарсың. Студент болуу бактысы сиздин ишмердүүлүгүңүзгө туура келгенине ыраазымын!

Студент деген статустан айрылсак да, окуу жай менен коштошсок да, сени менен ар убак жашай беремин. ОГПИ деген кылымдык тажрыйбасы бар алтын уямды Орто Азияга, керек болсо дүйнөгө таанытканга аракет кылып, ар тараптуу билим алып, буйруса өзүбүздүн багыт аркылуу машыркана иштеп, мекенибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошуу биздин пенделик парзыбыз.

Тарыхы терең окуу жайымдын зоболосу артып турган учурда тилектеш, билектеш болуп жүргөн күндөрүмө ыраазымын! Кыялдарымдын орундалышына көмөктөшүп, багыт берип, келечектин даңгыр жолуна сапар алууга шарт түзгөн окуу жайым - сага терең таазим! 

ОГПИнин Табият таануу жана география факультетинин бүтүрүүчүсү, Россиянын Урал Федеральдык Университетинин Химия-Техникалык институтунун магистранты Исамидин кызы Айгүл.

 

Маалыматты даярдаган 

Кубаныч Жылкычы уулу