Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук сыйлыктар жаңы ийгиликтерге шыктандырды

    Ноокен  районунда   23-август  күнү  Кочкор-Ата  шаарынын  мектептеринин   базасында  «Мектептик  билим  берүү   боюнча мамлекеттин  саясатын  ишке  ашыруу  -жаңы  контексттер  жана  жаңы   чечимдер»  чакырыгы  алдында  уюштурулган  методикалык  декаданын  алкагында  август  секциялык  иштери  болуп  өттү.  Анда Билим  беруу  жана  илим  министрлиги  тарабынан  берилген  сунуштарга ылайык  предметтер боюнча  жана  жетекчилердин усулдук  бирикмелери  тарабынан  даярдалган  окуулар  өткөрүлдү.  Мугалимдер  жана  тарбиячылар жаңы  окуу  жылына  жаңы  усулдук  маалыматтарды  алышты.

    Мектептердин  жана бакчалардын  директорлорунун  окуу семинары №2  Ногоева атындагы  орто  мектебинде 91 жетекчинин  катышуусунда   өтүп,  төмөнкү   темалар  талкууланды

-“Жаңы  2016-2017 окуу  жылына  даярдыктардын  абалы  жана  алдындагы  милдеттер жөнүндөгү “ райБББнун  башчысы-Б.С.Козуев тын  билдируусу.  Ал сөзүндө мыкты  даярдыкка  жетишкен  жамааттарды өзгөчө  белгиледи. Жаңы  технологияларга  өтүүү,  видио  көзөмөл  орнотуу, интерактивдүү  доскалар  менен камсыз  болуу,  жалпы интернеттик  байланышка  жетишүү аркылуу  билим  сапатты,  тарбиялагандын  дээнгелди    көтөрүү милдеттерин койду.

-Билим, илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин  райондун  баштапкы  уюмдарында  Макулдашууларды, жамааттык   келишимдердин  аткарылышы  боюнча  отчеттук  чогулуштарды  уюштуруу  жөнүндөгү   райКБКнын  төрагасы  К.К.Нышановтун  маалыматы.  Маалыматта макулдашуу, жамааттык  келишимдер  менен райондо  билим  берүү  кызматкерлерин  социалдык-экономыкалык  маселелерин  чечүүдөлгү  ийгиликтер  менен  катар  алдыдагы  бар   мүмкүнчүлүктөрдү  пайдаланууга  чакырып, жаңы  окуу  жылынын  башында  отчетторду  угуп, милдлеттерди  тактоо   зарылдыгын  белгиледи.   Жетекчилер  келишимдерди  эки тараптан   аткарылышы  жөнүндө  отчетторун  берүүсү  бугунку  кундун   талабы  экендигин  өзгөчө  мисалдар  менен көрсөтүп  өттүү.

Кун  тартибиндеги темалар  боюнча  конкретту  иш-чаралар  белгиленди.

        2016-жылдын  25-августунда  Жалал-Абад  шаарында  билим  берүү  кызматкерлеринин  облустук  конферециясы  болуп  өттүү.  Анда  Ноокен  районуан 15  делегаттар  катышып,  райондук  билим берүү  бөлүмү  2015-2016-окуу  жылынын  жыйынтыктары  менен  облустта  2-орунду, №6 “Арал”  орто  мектебинин  жамааты  3-орунду  ээлегендиги  үчүн  КРнын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облустунун  ыйгарым  укуктуу  өкүлү  Ж.Ш.  Эгембердиеванын  колунан  облустук  сыйлыктарды  алышты. Делегация  облустук  иш-чарадан   жаңы  максаттар  жана пландар  менен  кайтышты. Сыйлыктар  Ноокендиктерди   жаны  ийгиликтерге  шыктандырды.

Материалды  даярдаган,  райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.

КРнын  Өкмөтүнүн  ыйгарым  укуктуу  өкүлү  Ж.Ш.  Эгембердиева№6 “Арал”  орто  мектебинин  директору  С.Садыбакасовага облустук  сыйлыкты  тапшырүү  учуру

Ноокен  районунун  делегациясы  Жалал-Абад облдустук    конференцияда

КРнын  Өкмөтүнүн  ыйгарым  укуктуу  өкүлү  Ж.Ш.  Эгембердиева Нокен  райБББнун   башчысы  Б.С.  Козуевке  облустук  сыйлыкты  тапшырүү  учуру

Жетечилардин  секциялык  иштеринде  негизги  милдеттер  белгиленди