Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук комитетке ыраазычылык

Биздин  Ноокен районунда көп  жылдардан бери  жайкы  эс алуу  системалуу  уюштурулуп, Кыргызстандын  кооз  жана  тарыхый  жайларына окуу  жылы  ичинде  өткөрүлгөн  кароо-сынактардын    жеӊүүчүлөрү экскурсиялык  эс  алууларга  баруу   салтка   айланган.   Мындай  мүмкүнчүлүк бардыгында  да боло бербейт.

 Быйылкы  жылда  облустук  комитет  тарабынан  берилген каражат  менен 15  адам Ысык-Көлдө бир  жума эс  алып  келдик. Бизге  жаӊы  окуу  жылына дем  жана  күч  кубат  берди  деп  эсептейбиз.

Облуста  ушундай  жаӊы  демилгени  баштап,  бизге   шарттарды  түзүп  берген  облустук  комитетке  жана  анын төрагасы  А.Исмаиловго  ыраазычылык  билдирип,  иштерине  ийгиликтерди каалайбыз.