Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук «Ден-соолук-2018» спартакиадасы Кочкор-Ата шаарында өткөрүлөт

      Билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад обкомунун  төрагасы А.Исмаилов  облустук спорт мектептеринин  жетекчилери жана спорт адистери  менен  2017-жылдын  8-сентябрында жолугушу  өткөрдү.

    Анда “Ден-солук-2017”  облустук иш –чарасын Токтогул  районунда  өткөрүлүшү боюнча ой-пикирлер,  сунуштар  катышуучулар  тарабынан   айтылды. Спорттун уюштуруучулары  облустук  комитет  тарабынан финансалык маселелерди толук  чечип  берилгендигине ыраазычылыктарын  билдиришип, жаңы  демилгелерин  сунушташты.

    Обкомдун  төрагасы А.Исмилов   алдындагы милдеттер  жөнүндө ой-пикирлерин бөлүшүп, облустук  билим  берүү  кызматкерлеринин  «Ден-соолук-2018» спартакиадасын Кочкор-Ата  шаарында өткөрүү жөнүндөгү  сунушту  колдоду.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.