Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук пленум жаңы форматта өттү

2020-жылдагы  пандемия  бардык  тармактарда ишмердүүлүктү  уюштуруунун  жаңы  формаларын пайдалануу  зарылчылыгын  келтирип  чыгарды. “2020-жыл  Региондорду  өнүктүрүү,  өлкөнү  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо “  жылындагы  иш-чараларды  ишке  ашырууну  тездештирип,  жаңы технологиялардан  пайдалануу,  санариптик  багытта  иштөөнү  турмушка  ашыруу менен  ишмердүүлүктү  жолго  койуу  биринчи  орунга  чыкты. Ушуга  байланыштуу  Кыргыз  Республикасынын  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Борбордук  Комитети  профсоюздук  уюмдардын  ишин  жаңы  форматта   уюштурууга  багыт  берди.

2020-жылдын  4-декабрында билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун Жалал-Абад облустук   комитети  кезектеги  пленумун  онлайн форматында өткөрдү. 

Пленумда  төмөнкү  маселелер  каралып, тийиштүү  токтомдор  кабыл  алынды.

  1. Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII сьездинин чечимдерин турмушка ашырууда облустун бардык деңгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө.
  2. «2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында» онлайн фестивалдын облустук турунун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө.
  3. Ар түрдүү маселелер.

Онлайн  пленумунда облустук  комитеттин  мүчөлөрү  активдүү  катышып,  баалуу  сунуштарын,  ой-пикирлерин  билдиришти.

Материалды  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.