Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук билим берүү тармагынын кадырлуу Аксакалы

2019-жылдын  13-майында  Жалал-Абад  облусунун  билим берүү тармагында  үзүрлүү  эмгектенип  кележаткан  кадырлүү  профсоюздук  кызматкерибиз  Бегматов   Анарбай  Турдубаевич  65 жашын  белгилөөдө.

Бегматов А. Т. 1991-жылы  Жалал-Абад  облусу  түзүлгөндөн  баштап,  облустук  билим берүү   башкармалыгында,  облустук  усулдук  билим  берүү  борборунда  жооптуу  кызматтарда  иштеп ,  акыркы    жылдарда  билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  облустук  комитетинде  уюштуруу  бөлүмунүн башчысы кызматында талыкпай  иштеп  келүүдө.

Анын  облустук  профсоюздук комитетке   келиши  менен   профсоюздук  иш кагаздардын   мамлекеттик  тилде  жүргүзүү   денгээли  көтөрулдү. Райшаардык ,   баштапкы   профсоюздук   уюмдарда  уюштуруу   иштери, усулдук  жардамдарды берүү  чаралары, макулдашууларды түзүү  жана  ишке  ашыруу , укук  коргоо иштери жакшы  жолго  коюлду.

Жетекчилер  менен  иштоо,  жаш  профсоюздук  кадрларды  даярдоо, маалымат  каражаттары  менен  иштоо ,  усулдук китептерди   чыгаруу багытындагы  иштерди  системалуу  уюштуруу  менен  обкомдун  кадыр  баркын   көтөрүүгө  жеке салымыын  кошту.

Тажрыйбалуу   кызматкер  катарында  жаштардын  ар  дайым  сүюктүү  насаатчысы катарында  көмөгүн  аябай аларды  жаңы  иштерге багыттады.

А.Т. Бегматовдун   эмгектери  өз  убагында  бааланып   “ Кыргызстан  профсоюздарына   сиңирген  эмгеги  үчүн”, “КР билим  берүүсүнүн  отличниги”, “ КР  Билим, илим  профсоюзунун  отличниги”, “ Кыргызстан  Журналисттер союзунун  мүчөсү”,” Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун  Ардактуу Арагер  мугалими”, “Сузак  районунун  жана Барпы  айыл өкмөтүнүн Ардактуу  Атуулу”, КР Ардактуу  Ардагери”, КР Ардактуу Аксакалы” наамдарына  жана  республикалык,  облустук  “Ардак  Грамоталарга” татыктуу  болду.Мээримдүү,  бооркер, үлгүлүү  ата  катарында   уул, кыздарын  тарбиялап, коомдо жана шаарда  кадыр  барк  тапты.

Жалал-Абад облустук  профсоюздук   лидерлер  жана  облустук  комитет Бегматов  Анарбай  Турдубаевичти  65  жаш  курагы  менен  куттуктайбыз!   Иштеринде  албан  ийгиликтер,  бекем  ден-соолук,  үй-бүлөлүк   бакыт-  таалай,  бакубат   жашоо  каалайбыз!!!

 

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров