Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук актив үчүн семинар өткөрүлдү

2019-жылдын  6-декабрында “Жалал-Абад”  санаториясынын конфренц  залында Кыргызстан  Профсоюздар Федерациясынын  алдындагы Окуу  Методикалык Борбору тарабынан  “Просоюздук кызматкерлердин  жана профактивтердин укуктук  жана  экономикалык билимин  жогорулатуу  аркылуу Кыргызтандын профкымылынын мүмкүнчүлүгүн  бекемдоо” темасында окуу  семинары  өткөрүлдү.

Семинарга  Жалал-Абад облустук Профсоюздар  Кеңешинин  төрагасы Аглиулин Э.А. , обкомдордун төрагалары,  жооптуу  кызматкерлери  катышты.

Семинарды   Окуу  Методикалык Борбордун  директору  Молдалиев  А.А алып барып,  тема боюнча   материалдар слайддар  жардамында   берилди.  Катышуучулар тайпаларга  бөлүнүп берилген  темалар  боюнча  активдүү иштешти. Катышуучулар  тарабынан берилген  суроолорго тийиштуу  жоопторду  алышты.

Семинар  катышуучуларына алган  билимдери  жөнүндө сертификаттар  тапшырылды. Катышуучулар  тарабынан  семинардын  уюштуруучуларына ыраазычылыктар  билдирилди.

 

Материалды  даярдаган:

Обкомдун инспектору

А.Айдаров