Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

       Ысык-Көл областынын Ак-Суу  районунун мектептеринен областтык олимпиадага катышып, байгелүү орундарды ээлеген окуучулар жакында райондук мамлекеттик администрациясында салтанаттуу кабыл алууда болушту.

     Бул иш-чарага райондук бюджеттен 12 миң сом акча каражаты бөлүнүп,  райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким У. Дөкөнбаев мектеп окуучуларын жана алардын мугалимдерин жеңиштери менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

     Областтык олимпиадада  2-орунду ээлешкен М.Рахимова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Абдывалиева Айдана- мугалими Молдакунова Назгүл,  М.Чокиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу  Өмүрзакова  Касиет- мугалими Камчыбекова Нурзат  баалуу белектерге ээ болушту.

     Ал эми 3-орунду камсыз кылышкан 7 окуучуга  жана мугалимдерине: С.Киров атындагы гимназия-мектебинин 11-классынын окуучусу Чыныбеков Нуржигит - мугалими Мельниченко Т.В., 10-класстын окуучусу Алтынбекова Насип- мугалими Усупбаев Сеитжан, Калиева  Аян - мугалими Шекенбаева Кубангүл, Бекеева Айжамал- мугалими Волженина Татьяна,  Ч.Осмонов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Окенова Нуриза - мугалими Имазалиева Мээрим,  З.Сооронбаева атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары Таалайбекова Жамал – мугалими Жаныбекова Самара, Жолдошева Айдана – мугалими Турдукожоева Советгүлгө  да  сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине райондук мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышышып, алдынкы орундарды камсыз кылышкан окуучуларды жетишкен бул ийгиликтери менен куттукташты.

                                                                                                                 

Айжан Төрөева,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.