Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык спартакиададагы ийгиликтер

 


Билим берүү  кызматкерлеринин  областтык спартакиадасы  27-апрелде  Кара-Суу  шаарында болуп  өттү. Областтык  спартакиада билим  берүү , илим кызматкерлеринин  Ош  областтык  профсоюз  комитетинин (төрагасы С.А.Тойгонбаев) жогорку деңгээлдеги уюштуруучулугу жана  Кара-Суу  райондук билим берүү кызматкерлеринин   профсоюз  комитетинин (төрагасы П.Жакыпов) мыкты   колдоосы шарттарды  түзүүсү  аркылуу  өтүп,  ага  7 райондун жана  1 шаардын билим  берүү  кызматкерлери спорттун  6 түрү  боюнча күч  сынашты.

Жйынтыгында  Алай  районунун  намысын коргоогон  спортсмен билим  берүү  кызматкерлерибиз  волейбол (эжекелкр) командасы (капитан  команда Мамашаева Н.) 1-орунду, тогуз коргоол (эжекелер)  командасы (Адишова Д., Маматова Э.)  1-орунду камсыздашып чемпион болушса,  ордо  командасы (Бекмурзаев Т.)  2-орунду, тогуз –коргоол (агайлар)командасы (КАлдыбаев Д. Токтосунов Н.) 2-орунду, стол теннис (эжекелер) командасы (Жусупова У., Капарова Ж.) 3-орунду, шахмат (агайлар) командасы (Рысмаматов А., Болотбеков М.)  3-орунду  камсыздашып өздөрүнүн мыкты спорттук  чеберчиликтерин  көргөзүштү.

Ал эми спорттун  шахмат (эжекелер), стол теннис (агайлар)  командалары 4-орунду, волейбол  (агайлар) командасы  8 команданын  ичинен  5-орунду  камсыздашты.

Спартакиаданын жалпы  жыйынтыгында Ноокат районунун командасы 1-орунду,  Кара-Суу  районунун  командасы 2-орунду камсыздашса  биздин  Алай  районунун командасы  байгелүү 3-орунду камсыздап, 3-даражадагы  Диплом жана  акчалай сыйлык менен  сыйланып кайтышты.

 

Жеке номинацияларда болейбол  боюнча Мамашова Н. (№27 Ж.Алимов ат.ор.мек.) «Мыкты коргоочу» номинациясын, тогуз коргоол боюнча  Калдыбаев Д. (№28 Ж.Орозов ат.ор.мек.)  «Мыкты оюнчу», Адишова  Д. (№28 Ж.Орозов ат.ор.мек.)  «Мыкты оюнчу»  номинацияларына татыктуу  болушту.

Спартакиада өз ара достук,  ынтымактык, спорттук  тилектештик маанайында  өттү.

 

Абдыкадыров  А.К.,  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы, профсоюз  кыймылынын  отличниги