Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык профсоюз комитетинен Памирлик этникалык кыргыздарга жардам

Билим, илим кызматкерлеринин  областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.А.Тойгонбаев,    башкы  инспектор   Э.Т.Ажиматовдор   2020-жылдын 17-мартында  Алай  районунун  Сары-Могол  айыл  өкмөтүнүн  Сары-Могол  айылындагы 

№53 Х.Алимсеитов атындагы  орто  мектебинин  эски  корпусунда  жашап  жатышкан  боордош  Памирлик  кыргыздардан  жана  алардын сабатсыздыгын  жоюп  жатышкан  балдарынан   кабар  алып,  алар  менен  баарлашып, алып  барган  жардамдарын  беришип  ыраазычылыктарын  алып  кайтышты.

Жалпысынан  боордошторго  ун, ак май, күрүч, макарон, ак кант, пияз, эт, конфет, печеньелерден  турган 30 миң сомдук  тамак-аш азыктары  жеткирилди.

Областтык  профсоюз комитетинен  барган  өкүлдөргө  77  жаштагы  Памирлик  Эне – Бүбай эне, айыл өкмөтү  баш  болгон  атуулдар   ак  баталарын беришип,  ак дил  каалоолорун айтышты.

Ошондой эле  билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев   райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы-аким З.С.Молдокуловдун  жана  райондогу билим  берүү  кызматкерлеринин  атынан  ыраазычылык  билдирип,  профсоюз тармагындагы иштерге  ийгиликтерди  каалады.

 

Абдыкадыров А.К.  Билим  берүү  кызматкерлеринин

Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы