Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык кароо-сынактын женүүчүлөрүн сыйлоо аземи

Баткен областында предметтер боюнча болуп өткөн “Кесипкөй мугалим” онлайн кароо-сынагынын 42 жеӊүүчү мугалимдери областтык профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйланды. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети,  Баткен областтык билим берүү усулдук борбору менен биргеликте “Кесипкөй мугалим” онлайн кароо-сынагынын 42 жеӊүүчү мугалимдерине ар бирине билим берүү усулдук борборунун дипломдору жана областтык профсоюз комитетинин баалуу белектери тапшырылды. Кароо-сынактын жыйынтыгында мугалимдердин активдүү катышкандыгы жана алдынкы упайларды алган  район, шаарлар 1-орун Лейлек району, 2-орун Кызыл Кыя шаары, 3-орун Баткен райондору. Билим берүү кызматкерлерине ар дайым моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарына жана төрага З.Бөтөковго тереӊ ыраазычылыктар айтылды.

Маалыматты даярдаган: 

Баткен ОПК  К.Акимов