Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун төрагасы Чаткалда

          Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы А.А.Исмаилов Борбордук  Комитеттин иш  планына  ылайык райондогу  профсоюздук   уюмдардын  ишмердүүлүгү  жана эмгекти  коргоо, коопсуздук  техникасы  багытындагы  иштер  менен жакындан  таанышуу  максатында  2017-жылдын   13-14-ноябры  күндөрү  Чаткал  районунда   болду.

         Обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов  райкомдун  төрагасы Ы.К.Кудайбердиев  менен  бирге  баштапкы  профсоюздук  уюмдарда  болушуп, профсоюз  мүчөлөрү  менен  жолугушушту.  Жолугушуу  учурунда  билим  берүү  кызматкерлеринин  көйгөйлөрү жана   аларды   чечүү   жолдору  жөнүндө ой-пикилер бөлүшүп,  суроолорго   жооптор  беришди.        

         Жолугушуулардын  катышуучуларына   А.А.Исмилов Борбордук  Комитет жана облустук  комитет  тарабинан  аткарылып  жаткан  иштер жана  милдеттер  жөнүндө кыскача  маалыматтарды   берди. Катышуучулар профсоюз  тарабынан  аткарылып     жаткан иштерге  ыраазычылык  билдиришип, алдындагы  максаттарга жетишүүдө ийгиликтер  каалашты.

Материалды  даярдаган: А.Айдаров- обкомдун инспектору