Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун жыйынтыктоочу президиуму

2021-жылдын  6-январында  билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук   комитетинин жыйынтыктоочу президиуму болуп  өттү. Анда райшааркомдордун  төрагалары,  обкомдун  төрагасы  жана  жооптуу  кызматкерлери  катышты.

Күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер талкууланды.

Күн тартиби:

  1. COVID – 19 пандемиясынын шартында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2020-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө.
  2. Обкомдун 2021-жылда иш-планы жөнүндө.
  3. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдын 18-декабрындагы Президиумунун токтомдорун турмушка ашыруу жөнүндө.
  4. 2020-жылда райшааркомдордо өткөрүлгөн отчеттук-шайлоо конференцияларынын жыйынтыктары жөнүндө.
  5. Ар түрдүү маселелер.

 

Күн  тартибиндеги  1-маселе  боюнча обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов төмөнкүлөргө токтолду.

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  2020-жыл пандемия шартында   аткарган  иштери  жөнүндөгү  маалыматтар

2020-жыл  Бүткүл дүйнөдө “GOVID-19“  илдети  менен күрөшүү,  ден-соолук  сактоо көйгөйлөрү  бардык  тармакта  ишти  уюштурууну    башкача нукка  бурду.  “2020-жыл- Региондорду  өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү  жана  балдарды колдоо”  жылы иш-чараларын  алкагында  Жалал-Абад  обкому иш-пландарын шартка  жараша өзгөртүп  ишмердигин улантты. Мындай учурда  Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана илим   кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук  Комитети пандемия  шартында  профсоюздук  ишмердүүлүктү уюштуруу, профсоюз  мүчөлөрүнө көмөк  көрсөтүү,  жардамдарды   берүү,  камкордук  кылуу  багытындагы иш-чараларды  белгиледи.

  1. Кыргыз Республикасынны Билим  берүү  жана илим   кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук  Комитети тарабынан  “Кесиптештерге  жардам”  акциясы  жарыяланып, бул   акция  облрайшааркомдор,  баштап профсоюздук  уюмдар  тарабынан  апрель-май  айларында  уюштурулду. Акцияда  профсоюз мүчөлөрүнө  азык-түлүктөр, акчалай жана  гуманитардык жардамдар профсоюздук  лидерлер  тарабынан  жер-жерлерине жеткирилип таратылды.
  2. Жалал-Абад обкому  ар бир  райшааркомдордун   сунуштарына  ылайык  5тен профсоюздук  мүчөлөргө 3  миң  сомдон  210  миң  сом  накталай   акча  менен   гуманитардык  жардамдар райшаарларга обкомдун  кызматкерлерин  менен  жер-жерлерине  барышып,  райшаарком  төрагалары  менен  бирге таратылып  берилди.
  3. “Кесиптештерге жардам” акциясынын жыйынтыктары менен облус боюнча проф бюджеттен 1млн156.960сом, өнөктөштөрдүн эсебинен 170.000сом, жалпы 1млн 326.960сом   кесиптештерге жардам көрсөтүлдү.
  4. “2020-жыл- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана  балдарды колдоо”  жылы иш-чараларын тармакта ишке  ашыруу  үчүн  Борбордук Комитеттин  демилгеси  менен облустун  райшаардык  билим  берүү  бөлүмдөрүнө бир  комплектен компьютер,  принтер, ноутбук облустук  профсоюздук  бюджеттин  эсебинен 700  миң сомдук каражаттар Бишкек шаарынан алып  келинди.
  5. 2020-жылдын 23-июнунда Таш-Көмүр шаарынын №11  орто  мектебинде  райшааркомдордун төрагалары, райшаарлардын  билим  берүү  бөлүмдөрүнүн  башчылары,  өкүлдөрү  менен “Пандемия  шартында билим  берүү  тармагындагы  көйгөйлөрдү  чечүү жолдору”  темасында  тегерек  стол  өткөрүлүп,  жыйын  акырында технологиялар райшаарком  өкүлдөрүнө  таратып  берилди.
  6. Обком ден соолугун бекемдөө  үчүн  операцияга  жардам сурап  кайрылган профсоюз мүчөлөрүнө  көнүл  буруп,  Ноокен  районунун №29 Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин башталгыч  класстар   мугалими  Рахимахан  Халиковага  материал  колдоо  көрсөтүп, жардам баштапкы  уюмдун  лидери  тарабынан  үйүндө  тапшырылды.
  7. 2020-жылдын 29-30-июну күндөрү обком  “Кесиптештерге  жардам” акциясын  жана санариптештирүү  жылындагы  иш-чарасын Тогуз-Торо районунда  өткөрдү.  Иш-чарага обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов, жооптуу  кызматкери  З. Сулайманов, Сузак райкомунун  төрагасы А.Орозалиев, Чаткал  райкомунун  төрагасы  Ы.Кудайбердиев, Тогуз-Торо райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы Б.Иманбердиев, райкомдун төрагасы З.Ажыбаев, райБББнун  жооптуу  кызматкерлери  катышты.

“Кесиптештерге жардам”  акциясынын жыйынтыктары 1-август 2020-жылга  карата 2026960 (эки  млн 26 миң 960) түздү, мындан 910.000 (Тогуз жүз  он  миң сом) обкомдун бюджетинен каржыланды.

  1. 2020-жылдын 26-августунда Жалал-Абад  обкому тарбынан “Пандемия шартында профсоюздук  ишмердүүлүктү   уюштуруу” темасында  семинарды  обкомдун  инспектору  А.Айдаров  инспекторлор  менен өткөрдү. Вебинарда БК,ОК  жана  райшааркомдор  тарабынан аткарылып жаткан  иштер  жөнүндө  маалымат  берди. Жаңы  окуу  жылынын башталышы мезгилиндеги профсоюздук  уюмдардын  негизги  милдеттери  жана  алдындагы  иш-чаралары  тууралуу  билдирди.              Жала-Абад   обкому тарабынан  даярдалган 4-китептен пайдалануу  сунуштарын  айтты. Катышуучулардын  суроолоруна жооптор  берилди.
  2. “2020-жыл- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана  балдарды колдоо”  жылы иш-чараларын  алкагында  Жалал-Абад  обкому  шаардагы  облустук  балдарды  ден соолугун  реалибитация борборуна 2020-жылдын 7-сентябрында  жамааты  менен  бөлүшүп, балдарга гуманитардык  жардамдарын тапшырышты.
  3. 2020-жыл инсандардын илдет  менен  күрөшүү  оор жылы  болууда. Билим  берүү  тармагында   ооругандар  болуп,  каза  болгондор да болду. Кесиптештерден  каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө  2020-жылдын  22-23-сентябры күндөрү барып,   Таш-Көмүр, Майлуу-Суу  шаарлары,  Ноокен, Сузак  райондоруна болуп, куран  окулуп,   материалдык  жардамдар көрсөтүлдү.
  4. “2020-жыл- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана  балдарды колдоо”  жылы иш-чараларын  алкагында  Базар-Коргон районундугы №31 А.Абдырахманов  атындагы орто мектебинин  мугалими Алиева  Миргүлдүн баласы  Байзат  Ашырбаевдин чет  өлкөдө  операция аркылуу  дарылануусу үчүн  колдоо  көрсөтүү  акциясына  обкомдун  инспектору  А.Айдаров  1-октябрь   күнү  катышты.  Жамаат  менен жолугушуу  үчүрүнда  обкомдун  иш  аракеттери  тууралуу  айтып, мугалимдерди  кесиптик   майрамы  менен  куттуктады. Базар-Коргон  райкомунда  усулдук күн өткөрүп,  конференциянын  даярдык иштерине  көмөк  көрсөттү.
  5. 2020-жылдын 13-октябры  күнү обкомдун  төрагасы  А. Исмаилов,  инспектору А.Айдаров,  Базар-Коргон райкомунун  төрагасы                            С. Жаркынбаев менен райондогу  Арстан-Бап айыл   аймагындагы №19 “Кош-Терек”  мектебинде болуп, демөөрчү  Кубатбек Досматовдун  10млн сомдук жардамы  менен  курулуп ишке  берилген  спорт   зал менен  таанышты. Обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов ошол  мектептин мугалими Музаффар Хасанбаевге сел учурунда жабыркаган  үйүн  ремонттоо  үчүн материалдык  жардам акчасын  жана  мектеп  директору  Рустам  Убайдуллаевге  БКнын  “Билим, илим   профсоюзунун  отличниги”  төш  белгисин тапшырды.
  6. 2020-жылдын 19-октябры күнү Жалал-Абад шаарындагы Сузак  райкому тарабынан  уюштурулган “Профсоюз-биздин  таянычыбыз” темасындагы профсоюз  кызматкерлеринин кесиптик  майрамына  карата иш-чарасына  обкомдун  жамааты катышты. Иш-чарада обком  тарабынан алдыӊкы  профсоюз  кызматкерлерине сыйлыктар  жана белектер  тапшырылды.
  7. Обком иш-планына ылайык  “Карыяларды  кадырлоо” айлыгын алкагында  облустагы  300  ардагер  карыяларга азык-түлүктар  пакеттерде 2020-жылдын  20-22-октябры  күнү райшааркомдордун өкүлдөрүнө жерлерге  обкомдун  жооптуу  кызматкерлери  А.Айдаров, З.Сулаймановдор тарабынан Таш-Көмүр  шаарына   чакырылып  таркатып  берилди. Азык-түлүк пакеттерине обкомдун  бюджетинен 350 000 (Үч жүз  элүү  миң) сом сарпталды.

“Карыяларды  кадырлоо”  айлыгынын  иш-чаралары  улантылып, райшааркомдорго  1900 дана  антисептик, 9500 даана беткаптар таратып  берилди. Бул  иш-чараларга обкомдун  бюджетинин   200.000 (Эки жүз  миң)  сом  каржыланды.  

“Карыяларды  кадырлоо”  айлыгынын  иш –чараларына  бардыгы 550000 (Беш жүз элүү  миң) сом каражат  обкомдун  бюджетинен жумшалды.

  1. Пандемия мезгилинде обкомдун  бюджетинен иш -чараларга төмөнкүдөй каражат жумшалды.

К№

Иш-чаралар

Саны

Сумма

1

“Кесиптештерге жардам “ акциясы

75

210000

2

Компьютер,  технологиялар

14

700000

3

Каза болгондорго жардам

11

55000

4

Табыгый  кырсыктан  жабыркагандарга жардам

3

15000

5

Операцияга  жардам

1

5000

6

Карыяларды  кадырлоо акциясы

300

350000

7

Илдеттен  коргоо каражаттары

 

200000

 

Бардыгы

404

1.535000 сом

  1. 2020-жылдын  2-ноябрында  “Пандемия  шартында конференцияны  уюштуруу”  темасында тегерек  стол өткөрүлүп,  анда  Сузак, Ноокен,  Базар-Коргон райкомдорунун  төрагалары,  обкомдун жооптуу  кызматкелери катышышты. Жыйналышта конференцияны  санэпидабалдын шарттарына  ылайык  өткөрүү  сунуштары  кабыл  алынды
  2. 2020-жылдын 4-декабрында   обкомдун    5-пленуму  онлайн  форматында өткөрүлдү.
  3. 2020-жылдын 21-24-декабры күндөрүндө Ноокен, Сузак, Базар-Коргон   райондорунда,  ЖАМУда  отчеттук  кайра-шайлоо   конференциялары  БКнын  төрагасы  А.Токтогуловтун   катышуусу  менен  өттү.
  4. 2020-жылы 29-декабрында Майлуу-Суу  шааркомунун отчеттук кайра-шайлоо  конференциясы өткөрүлдү.

     Күн  тартибиндеги  2-маселе  Обкомдун  2021-жыл  иш  планы сунуштарды эске   алуу  менген  бекитилди.

     Кун  тартибиндеги  3-маселе  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдын 18-декабрындагы Президиумуну  кеңешмесиндеги  материалдар  тууралу  Обомдун  төрагасы  А.Исмаилов кыскача  маалымат  берип,  токтом  менен сыйланган  райшаарлардын  төрагаларына республикалык  сыйлыктарды  тапшырды.

      Обкомдун  төрагасы   А.Исмаилов  Президиумдун  күн   тартибиндеги  4- маселе  райшаарларда  өткөрүлгөн отчеттук   кайра–шайлоо   конференцияларга  токтолуп, Борбордук Комитеттин  төрагасы  Асылбек Токтогулович кандай  баасын  бергендигин баса  белгилеп  өттү. Кайрадан жана  жаңыдан   шайланган  райшаар  төрагаларын  куттуктап,  иштеринде  ийгиликтерди   каалады.

Күн  тартибиндеги  5-маселе  боюнча  жылдын  жыйынтыктарына   ылайык райшаарлардын  төрагалары,  бухгалтерлери, активисттери  обкомдун  сыйлыктары  менен   сыйланышты.  Санариптештирүүнү  сапатын  көтөрүү  максатында  ар  бир  райшааркомго  кубатуу  телефондор  тапшырылды.

        Күн  тартибиндеги  маселелер боюнча  Токтогул  райкомунун  төрагасы  Т.  Исраилов,  Сузак  райкомунун   төрагасы  А. Орозалиев, Аксы  райкомунун  төрагасы   С.Камчыбеков, Ала-Бука  райкомунун  төрагасы  Ж.Дурусалиев,  Чаткал  райкомунун  төрагасы  Ы.Кудайбердиевтер  сүйлөп, профсоюз  ишин көтөрүүгө бирдиктүү   аракет  жасоо  менен  ийгиликтерди  камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн  айтышты.  Обкомдун демилгелүү  иштерин  колдошуп,   жер-жерлерде  профсоюз  иштерин жакшыртууга  салым  кошоорун  билдиришип,   Борбордук  Комитетке, обкомга  ыраазычылыктарын айтышты.

Президиум  күн  тартибиндеги  маселелер боюнча  тийиштүү  токтомдор  кабыл алды.

 

Материалды  даярдаган :  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.