Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун пленуму болуп өттү

2021-жылдын 11-ноябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жыйыны Ноокен районунун №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде өттү. Анда кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин Пленумунун токтомунун аткарылышы жөнүндө маселе каралды. Жыйынга кесиптик бирликтин райшааркомдорунун, окуу жайлардын төрагалары, укук жана эмгек инспекторлору, райшааркомдордун бухгалтерлери, жаштар кеңешинин төрагалары, обкомдун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча кесиптик бирликтин обкомунун төрагасы А.Исмаилов Борбордук комитеттин Пленумунун токтомдорун ишке ашыруу чараларына кеңири токтолду. Обкомдун 2020-жылы пандемия шартында аткарган иштери тууралуу маалымат берип, оорчулукту ынтымакта жана биримдикте жеңе алгандыгын белгиледи.

Кесиптик бирликтин обкомунун алдындагы областтык жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов “Кесиптик бирликтин  ишмердүүлүгүндө жаштардын ролу” деген маселе боюнча билдирүү жасап, 2018-2021-жылдарда жаштар кеңештери тарабынан  аткарылган иштер жөнүндө баяндама берди.

Талкууланган маселе боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев жана башкалар чыгып сүйлөшүп, социалдык өнөктөш катарында райком менен биргеликте билим берүү кызматкерлерине түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө тайпаларга  бөлүнүп иш алып барышты. I тайпага райшаркомдордун  бухгалтерлери, II тайпага  төрагалар жана инспекторлор болуп улантылды. Биринчи тайпада кесиптик бирликтин финансалык иштери тууралуу кызуу  талкуулар болду. Экинчи тайпада “Билим берүү кызматкерлерин  укуктарын коргоо-негизги милдетибиз” темасында обкомдун  инспектору А.Айдаров, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов усулдук материалдар  менен  тааныштырышты. Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакиров, Сузак райкомунун инспектору М.Примкулов иш тажрыйбалары жөнүндө  маалымат беришти.

Талкууга кесиптик бирликтин Жалал-Абад шааркомунун төрагасы М.Мамсыдыков, ЖаМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова, Көк-Жаңгак шааркомунун төрайымы Ж.Рысмамбетова, ЖаМУнун жаштар кеңешинин төрагасы А.Усенов катышып, баалуу сунуштарын айтышты.

Кесиптик бирликтин обкомунун төрагасы А.Исмаилов пленумда маанилүү маселелер каралганын, иштиктүү талкуулар болгондугун, ишти талаптагыдай жүргүзүү керектигин белгиледи.

 

Материалды  даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров