Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нышанов Кубанычбек Калдарович 50 жашта

Кыргызстандын эң массалуу жана өкүлчүлүктүү коомдук уюму болуп саналган  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунда өзүнүн талыбаган эмгеги менен татыктуу орунга ээ  болгон тажрыйбалуу уюштуруучу, иштерман жетекчи, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы НЫШАНОВ Кубанычбек Калдарович эл ортону 50 жаш торколуу тоюн белгилеп  олтурат. Ал 1970-жылы 21-ноябрда туулган. Жогорку билимдүү мугалим, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан билим алган. Катардагы мугалимден тартып райондук ири уюмдун жетекчисине чейинки эмгек жолун басып өттү. Профсоюз  лидери болуп шайланган жылдар ичинде ал профсоюздук уюштуруу, социалдык колдоо, экономикалык маселелер, социалдык өнөктөштүк, профсоюз мүчөлөрүнүн эс алуулары сыяктуу профсоюздук ишмердиктин ар кыл тармактарында ар дайыма алдыңкы тажрыйбалардын, ишкер илгерилештердин, бараандуу иштердин ээси болуп келаткандыгына баарыбыз күбөбүз. Кубанычбек Калдарович райкомду жетектеп келаткан 2014-2020-жылдар бул аймактын билим берүү тармагы жана кесиптик профсоюздук уюмдар үчүн материалдык-техникалык базанын бекемделишинин, билим берүү уюмдарында юридикалык базанын чыңдалышынын жана андан ары иштеп кетишинин, профсоюз менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын  жемиштүү, маанилүү, мөмөлүү жылдары болду деп айтсак эң туура баа болот. Райком райондук мамлекеттик администрация, райОНО менен үч тараптуу Макулдашууну ишке ашыруунун негизги  көрсөткүчтөрү  катарында билим берүү кызматкерлеринин эмгектенүү  шарттарын  жакшыртууга, мектептердин жана балдар бакчаларынын окуу-материалдык базаларын чыңдоо иштерине, иш орундарында коопсуздук чараларынын аткарылышына жана эмгек жамааттарында социалдык-экономикалык  маселелердин  чечилишине  көңүл  буруп, алардын өз убагында жана тиешелүу деңгээлде аткарылышына   өзгөчө  маани  берип, күндөлүк уюштуруу, аткаруу жана коргоо иштерин  жүргүзүп келет. Бул багытта Кубанычбек Калдарович баш болгон райондук комитет Жогорку Кеңештин, жергиликтүү  кеңештердин депутаттары  менен тыгыз  байланышта  иштешип,  жергиликтүү  бюджеттердин  бекитилишинде  тармактын маселелерин  алып  чыгышып, каражаттарды  чечүүдө орду чоң болуп келатат. 2015-2019-жылдарда райондо коммуналдык  чыгымдар  үчүн делинип билим берүү кызматкерлерине 5 млн. 647 миң 300 сом бөлүнгөн, турак жайга муктаж 8 мугалимге жер тилкелери ажыратылган, айыл өкмөттөрүнүн кайра бөлүштүрүү фондуларынан мугалимдерге 58,9 гектар жер бөлүштүрүлгөн. Айыл жерлеринде мугалим кадрларына шарт түзүү максатында  жаңыдан ишке кабыл алынган жаш педагогдорго 783 миң 959 сом жөлөкпул төлөнгөн. Мына ушул иштердин аткарылышында К.Нышановдун кошкон салымы өтө зор экенин белгилеп кетүү абзел. Ал эми бул жылдары райондогу билим берүү уюмдарынын ремонтуна жана курулушуна жалпысынан 91 млн. 464  миң 464 сом чыгымдалган,  окуу-усулдук материалдык  базаны  чыңдоого 19 млн. 287 миң 054 сом акча каражаты берилген. Бул цифралар райондогу мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине тиешелүү деңгээлде каражаттар бөлүнүп келаткандыгын жана бул иштерден профсоюздун райкому четте эмес экендигин көрсөтүп турат. Албетте, мектептерде жана балдар бакчаларында окуу-тарбия жааттарында иштер илгерилесе, алардын профсоюз уюмдарында да иштер алга жылат эмеспи. Ал үчүн Кубанычбек Калдарович баарыдан мурда баштапкы кесиптик уюмдарындагы уюштуруучулук иштерди алга жылдырууну колго алып келатат. Баштапкы профсоюз уюмдарында өз мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча  жоопкерчиликтердин көтөрүлгөндүгүнөн улам  ал уюмдардын эмгектери бул жылдары жогору бааланып,  областтык, республикалык деңгээлде жакшы сөздөргө арзып, ар кыл сыйлыктарга татышы Ноокен райондук профсоюздук комитетинин кадыр-баркын жылдан-жылга көтөрүп бара  жаткандыгын белгилеп кетсек болот. Райком жүргүзгөн иш чаралардын негизгилеринин бири болуп ар бир окуу жылында уюштурулуучу «Окуу-тарбия ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу жана кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү» темасындагы мектептердин арасында 47 шарттан, бакчалардын арасында 22  шарттан турган «Жылдын мыкты мектеби» жана  «Жылдын мыкты бакчасы» кароо-сынактары саналат, алар  ар жылы   окуу  жылынын жыйынтыктарына  негизделинип     бааланат.     Коюлган шарттарга  ылайык «Жыл мугалими, тарбиячысы, класс  жетекчиси,  окуу  бөлүмүнүн  башчысы,  уюштуруучусу»  номинациялары боюнча кароо-сынак  2 тур  менен  өткөрүлүп, алдыңкы билим  берүү  кызматкерлеринин  эмгектери  туура жана так бааланып, жеңгендер атайын белектер менен сыйланышат, санаторийлерде жолдомолор менен эс алуулары уюштурулат. Профсоюздун Ноокен райондук комитети  билим берүү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын эс алууларын жыл сайын тынымсыз уюштуруп келет. Бул жаатта райондук комитет алгач  райондун билим берүү бөлүмү менен макулдашуу түзүп, биргелешкен иш чараларды, максаттарды жана милдеттерди белгилеп алат. 2018-жылдан баштап райондук комитеттин төрагасы Кубанычбек Нышановдун демилгеси менен билим берүү кызматкерлери Кыргызстандын аймагындагы кооз эс алуучу жайларына барып эс алуу менен гана чектелбестен, коңшу Казахстан жана Өзбекстандын эс алуучу, тарыхый жерлерине да саякатка барып келишүүдө. Атап айтсак, райондун  12 билим берүү кызматкери Казахстандын Алматы шаарынын, 94 билим берүү кызматкерлери Өзбекстандын Анжиян, Самаркан, Ташкент шаарларынын кооз жана тарыхый эс алуу жайларында болуп кайтышкан. Райондук комитет балдардын жайкы каникул учурунда өз убактыларын пайдалуу жана максаттуу өткөрүүсү үчүн эс алууларга жогорку деңгээлде көңүл буруп, Арстанбап пансионатынын ”Жеткинчек” лагеринде, “Арстанбап-Ата” турбазасындагы “Келечек” лагеринде жана “Зорька” эс алуу лагеринде балдардын жана билим берүү кызматкерлеринин балдарынын эс алууларын уюштуруп келет. Райондук комитет баштапкы уюмдун жетекчилерин, активисттерди окутуп-үйрөтүүгө чоң маани берип келүүдө. Жылына  жалпы иш планга негизденип эки айда бир жолу өткөрүлүүчү семинар-кеңешмелер өз убагында, сапаттуу даярдыкта, базалык жана  “Жылдын мыкты профсоюз уюму жана төрагасы” кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгон баштапкы кесиптик уюмдарда өткөрүлүп келет. Ушундан улам профсоюздун  Ноокен райондук комитети Борбордук Комитет  тарабынан жарыяланган кароо-сынактарда жыл сайын алдыңкы орундарга жетишкенин айтсак болот. Ал эми Кубанычбек Калдарович демилге көтөрүп, райкомдун алдында уюшулган жаштар кеңеши жалпы тармактык профсоюзга таанымал иштерди аткарып жаткандыгын сыймык менен айтууга болот. Бул профсоюзга мотивациялоону жакшыртып, жаш кадрларды даярдоого өзүнүн салымын кошуп келатат. Ноокен районундагы билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин аткарып жаткан бараандуу иштери тууралуу анын төрагасы Т.Бакиров 2020-жылдын март айында болуп өткөн тармактык профсоюздун VII съездинин трибунасынан өтө далилдүү айтып бергенине профсоюздук актив күбө болгон. Кубанычбек Калдарович көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Эл агартуунун отличниги”, “Билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгилери, КР билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук депутаттар кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ноокен айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган коомдук ишмер. Бул күндөрү Кубанычбек Калдарович “эл ортону – 50 жашка” чыгып олтурат. Ушундай эң маанилүү окуя менен  маараке ээсин КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кызматташтары, Жалал-Абад областынын жалпы профсоюздук активи кызуу куттукташат.  Кубанычбек Калдарович! Биз Сизге бул жарык дүйнөдөгү  эң жакшы каалоо-тилектерди каалайбыз. Алла таалабыз Сизге узун өмүр жаш берсин,  иштеген ишке ийгиликтерди алып келсин,  үй-бүлөңүздө ырыскы-кутту бекем  орнотсун!