Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ɵнɵрү ɵрнɵк - мугалим

Үстүбүздɵгү жылдын 25 - апрелинде Нарын областынын Кочкор районунда мектептер арасында кароо-сынак болуп ɵттү.  Райондогу 4 мектептин мугалимдери бул сынакка кызуу даярдык менен келгени байкалып турду.

Кароо-сынактын максаты: аймактардагы жалпы билим берүү мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердеги окуу, тарбия иштерин жакшыртуу, айлана-чɵйрɵнү кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу болуп саналат.

Билим берүү тармагында эмгектенген ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү мɵɵнɵт аркалаган мугалимдерди чыгармачылыкка шыктандыруу болуп саналат.  

Сынак: «Саламдашуу», «Ɵнɵр ээси мугалим», «Биз аймакты кантип ɵнүктүрɵбүз», «Бийле-бийле эже-агай», «Жаштар бийи», «Биз эстрада жылдыздарын даӊазалайбыз» деген аталыштагы программа менен ɵттү. Бул райондук деӊгээлде ɵтүлгɵн сынактан утушка ээ болгон топ, облустук деӊгээлдеги короо сынакка жолдомо алмакчы. Кара- кылды кɵк жарган калыстар тобу, ɵзүлɵрүнүн чечимдерин чыгарышты. Алар ар бир мектеп жогорку даярдык,  илгери үмүт, тунук жүрɵк менен келгендигин, мугалимдин эмгеги сɵз менен айтып бүткүс экени, алардын таланттарына, шык- жɵндɵмдɵрүнɵ  ат  кɵтɵргүс 7 ɵлчɵп бир кесип тыянак чыгарышты.

I- орунга: Кара - Коо мектеби Н. Жундубаева атындагы

-II орунга И. Арабаев атындагы орто мектеби

III- орунга Калинин К. Кыдыралиев атындагы орто мектептери татыктуу болушту. Орун алган мектептерге ийгилик, бекем ден-соолук кажыбас  күч кубат каалашты.

Эмне демекчимин мен дагы жалпы ɵмүрү ɵрнɵк кесиптештериме бекем ден соолук  арыбас мээнет, алдынкы ɵнɵр билим, үй бүлɵлүк бакыт - таапай, түбү тереӊ жарык - маанай, жашоосу маӊыздуу, уламалуу - аӊыздуу болсун деп айтаар элем.

Кочкор районунун И. Арабаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 Жумагулова Насыйкат Суйундуковна