Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Дене тарбия жана ден соолук, ынтымак”

2021-жылдын 29-мартынан тартып 31-мартына чейин Токтогул шаарында “Дене тарбия жана ден соолук, ынтымак” деп аталган спорттук иш-чара Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектептин базасында өтүп, анда шаардык, райондук мектептердин курама командалары спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз-коргоол түрлөрү боюнча Билим берүү кызматкерлери күч сынашышты.

Спорттук жумалыктын алкагында уюштуруучулар катышуучуларды райондун кесиптик бирлигинин төрагасы Т.Исраилов, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова куттукташып, ийгиликтерди каалашышты. Райондук кесиптик бирлик, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан каражаттар бөлүнүп, жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйланышты. Андан сырткары билим берүү кызматкерлерине спорттук жумалыктын алкагында тамак-аш уюштурулуп, колдоолор көрсөтүлдү. Сыйлыктарды тапшыруу аземине билим берүү мекемелеринин жетекчилери, күйөрмандар, оюнга катышкан командалар катышышты. Катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, оюндар кызыктуу өткөндүгүн белгилешип алкыш айтышты.

 

Жыйынтыгында:

Волейбол боюнча эркектер арасында 1-чи орунду №17 Жаманкулов а.о. мектеби, 2-чи орунду №4 Н. Бримкулов а.о. мектеби, 3-чү орунду №15 Даңканай а.о. мектеби алышышты.

Аялдар арасында 1-чи орунду №30 Токторалиев а.о. мектеби, 2-чи орунду №36 Ибраимов а.о.мектеби, 3-чү орунду №29 Нургазиев а.о. мектеби алышышты.

Шахмат боюнча эркектер арасында

1-чи орунду №28 Т.Ормонбеков мектеп лицейи- Муратов Эржан.

2-чи орун №8 А.Иманбаев а.о.м.- Өскөнбаев К.С.

3-чү орун №7 Манас а.о.м.- Кулжобаев Ш.

Аялдар арасында 1-чи орунду №4 Н.Бримкулов мектеп гимназиясы- Таштанбекова А.

2-чи орунду №1 Токтогул а.о.м.- Алимахунова А.

3-чү орунду №37 Чекиров а.о.м.- Өзүбекова А.

Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында

1-чи орунду №17 Жаманкулов а.о.м.- Караев Кулисжан

2-чи орун №6 Умаров а.о.м.- Медетбеков Омор

3-чү орун №28 Т. Ормонбеков мек.лицейи – Танкузиев С.

Аялдар арасында 1-чи орунду М. Жунусалиев а.о.м.- Тиленбаева Т.

2-чи орунду №2 Бөкөнбаев а.о.м.- Акматова Т.

3-чү орунду №8 А.Иманбаев а.о.м.- Сарыбаева Ж

Стол тенниси боюнча эркектер арасында.

1-чи орунду №1 Токтогул а.о.м- Кийизбаев Ж.М..

2-чи орун №22 Жамгырканов а.о.м.- Бочоев Э.

3-чү орун №12 Курама уулу Турусбек а.о.м.- Бөкөнбаев М.А.

Аялдар арасында 1-чи орунду №28 Т.Ормонбеков мект-лицейи-Зулкарнай кызы А..

2-чи орунду №18 К.Чокоев а.о.м.-Таалайбек кызы К.

3-чү орунду №35 Чаргынов а.о.м.- Кадыралиева Н.

 

 

Материалды даярдаган: Токтогул райпроф комитетинин төрагасы Токтомуш Исраилов