Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мугалимдердин “Ден-соолук 2021” спартакиадасы өткөрүлдү

2021-жылдын 20-февраль күнү Ноокен  районунун  Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ААКнын спорт комплексинде жана №14 Губкин атындагы орто мектебинин базасында билим берүү  кызматкерлеринин  "Ден-соолук 2021" спартакиадасы спорттун  волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 1 шаар жана 8 айыл аймактын курама  командаларынан 300 дөн ашуун  билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.

 

Спартакиаданынын  ачылышына Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары З.И. Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Н.К.Олжобаев, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев.

 

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Т. Эмилбек уулу, көп жылдардан бери иштеп, билим берүү тармагына эмгеги сиңген ардагер агайыбыз С.А. Ахмедов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип  катышышып,  куттуктоо  сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.

 

Иш чараны өткөрүү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети  тарабынан толук каржыланды.

Спартакиада  атаандаштыкта  өтүп, жыйынтыгында:

Жылдагыдан айырмаланып бул жылы спорттун волейбол түрү боюнча “Мыкты оюнчу” номинациясы да берилди. Анда аялдар арасында Шайдан айыл аймагынын командасынан Гулнара Кадырова, эркектер арасында Масы айыл аймагынын командасынан Акпаралы Каримовдор ээ болушту.  

Жалпы командалык эсепте 1-орунду Кочкор-Ата шаары, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, жана 3-орунду Ноокен айылынын  курама  командалары  ээлешти.  

Жеңүүчүлөр дипломдор жана  акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

Ноокен рай КБКнын инспектору Т.Бакиров