Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендиктер Бишкекте

2017- жылдын апрель айында  Бишкек шаарында Кыргыз–Турк «Манас» университетинде   Туркия Республикасынын Улуттук  Эгемендуулук балдар майрамына карата жыл сайын 8-12 жаштагылар арасында өткөрүлгөн     фестиваль-конурсуна   атайын  чакыруу менен  Масы балдар билим борборунун   «СЕРЕ» бий  тобу өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп келишти.

   Фестивалга Туркия,Узбекстан, Казакстан, Кыргызстандын  жети областынан  жана Бишкек  шаарынын  өнөрлүү балдары   катышты.

Катышуучулар уюштуруучулар тарабынан атайын грамота жана  кызыктыруучу белектер менен  сыйланышты.

  Фестивалга сегиз окуучу катышты, негизинен “Сере” бий тобу №1 Ж.Боконбаев а.о.м жана №2 С.Ногоева а.о.м окуучуларынан түзүлгөн.

 

Материалды даярдаган:Масы  Балдар Билим  Борборунун  директору, райКБКнын маданий-массалык  комиссиясынын  мүчөсү- Дарманкулова  Анара