Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендиктер эс алууда

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетини иш планына ылайык Ноокен районунда 2019-2020-жылга жана 2020-2021-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн мелдештердин жана кароо-сынактардын жыйынтыгы менен 1-орунду ээлеген жана жыл ичинде мыкты ийгиликтерге жетишкен билим берүү кызматкерлери 2021-жылдын 21-26-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун эс алуу жайларында  эс алышты.

Экскурсиялык эс алуунун жүрүшүндө “Рух Ордо” маданий борборунда болушуп, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана музейи менен таанышышты. Андан сырткары кыргыздын эң кооз жерлери болгон Кырчын жайлоосунда жана Григорьев  капчыгайында болушту. Ошондой эле “Аврора”, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Золотые пески” пансионаттарында эс алышты.

Эс алууну уюштуруу жана каржылоо Билим  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин бюджетинен толук каржыланды. Эс алууга барган мугалимдер Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров