Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде жыл мыктыларынын дагы бири аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2017” кароо-сынагынын райондук туру 2017-жылдын 18-май күнү болуп өттү.

         Бул конкурстун 1-турунан жеңип чыккан 8 катышуучу күч сынашты. Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

         Жыйынтыгында баш байгени №22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын тарбиячысы Кыял Машаева ээледи. Ал эми 1-орунду Рано Мирзаева (№16 Наристе б.б), 2-орун Феруза Базарбаева (№6 Жылдыз б.б) жана 3-орун Жумагул Абдыкеримова (№4 Алтын-Бешик” б.б) ээ болушту. Калган катышуучулар “мыкты сабак”, “мыкты көргөзмө курал”, “мыкты көргөзмө курал” номинацияларын алышты.

         Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук комитеттин Диплом жана Ардак грамоталары менен жана кызыктыруучу баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Улан Уметов,

№35 Ш.Суйоркулов а.о.м директору

Райондук комитеттин мүчөсү.