Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мугалимдердин кесиптик майрамы өткөрүлдү

     2017-жылдын 5-октябрында Ноокенде мугалимдердин кесиптик майрамы Кочкор-Ата шаарынын маданият үйүндө өткөрүлдү.Салтанатка Ноокен райондук администрациясынын   башчысы аким  Маматаев Эркин Садырбекович, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович жана райондогу мекеме-уюмдардын жетекчилери келип катышышып, өздорүнүн каалоо-тилек, куттуктоолорун айтышты.                                                                                                                                     =

      Мугалимдер министрликтин,  областтык комитеттин, Ноокен  райондук администрациясынын, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.                                                                                          

       Майрамда мугалимдер, окуучулардын турган чыгармачыл топ концерттик программа тартуулашты.