Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жылдын мыкты усулдук каанасы-2018” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2018” кароо-сынагынын райондук туру 2018-жылдын 11-15-май күндөрү 44 критерий боюнча каралып, анда 9 айыл өкмөтүнөн бирден эң мыкты деп табылган мектептер катышышты.

Жыйынтыгында баш байге №12 Ж. Султанов атындагы орто мектеби, I орун № 44 Акчабаев атындагы орто мектеби, II орун № 1 Бөкөнбаев, № 7 Төрөгелдиев атындагы орто мектептери, III орун № 14 Губкин атындагы орто мектептери ээ болушту. Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом , Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров