Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2020” кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Бул кароо-сынактын 1-турунан өткөн 9 балдар бакчалардын тарбиячылары 2-турунда жылдагыдан айырмаланып, өткөн видео-сабактарынын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Катышуучулардын видео-сабактары комиссия тарабынан көрүлүп чыгып, видео-сабактардын сапатына, көргөзмөлүүлүгүнө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында баш байгени №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын тарбиячысы Токсонова Зулайка Бакировна ээледи. Ал эми I орунду №26 “Ак-Шоола” балдар бакчасынын тарбиячысы Каипова Гулзат Асылбековна, II орун №45 “Наристем” балдар бакчасынын тарбиячысы Кулназарова Самара Нишанбаевна, III орун Гапарова Нүргүл Камилжановна (№44 “Алтын-Ачкыч” б.б.) ээ болушту.

Калган катышуучулар: Жолдошбаева Жумагүл (№ 3 “Мээрим” б.б.) Дүйшөбаева Гүлкайыр Топчубаевна (№ 2 “Ак-Куу” б.б.), Карабекова Айнура Сапархалиловна (№22 “Гүлкайыр б.б.”) - “Мыкты сабак”, Акматова Гульмира Самидиновна (№36 “Жанэрке” КМББ) -“Мыкты изилдөөчү”, Абдрахманова Айпери Пазилжановна (№38 “Бүчүр” б.б. ) - “Креативдүү сабак” номинацияларына ээ болушту.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин диплом жана Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү

Т. Бакиров