Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2018» кароо-сынагы жыйынтыкталды

    Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2018” кароо-сынагынын райондук туру 2018-жылдын 24-апрель күнү № 22 “Гүлкайыр” балдар бакчасында болуп өттү.

Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 7 балдар бакчалардын тарбиячылары катышышты.

    Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

     Жыйынтыгында баш байгени №2 “Ак-Куу” балдар бакчасынын тарбиячысы Садыкова Малика ээледи. Ал эми  I орунду Абдрахманова Юлдуз  (№14 “Нооруз” б.б.),  II орун Алмамбет кызы Айпери (№15 “Жомок” б.б) жана III орун Джурабаева Мукарам (№13 “Наргиз” б.б) ээ болушту.

     Калган катышуучулар: Алиева Салия (№ 11 “Ай нуру” б.б.) -  “Мыкты сабак”, Акматова Жамбила (№ 9 “Байчечекей” б.б.)  “Мыкты көргөзмө курал”, Искендерова Айжаныл (№ 29 Иса агай б.б. ) “Мыкты мастер класс” номинацияларын алышты.

         Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук комитеттин диплом жана Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү

Т. Бакиров