Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жылдын мыкты мугалими - 2018» кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

 Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты мугалими - 2018” кароо-сынагынын райондук туру 2018-жылдын 27-апрель күнү № 29 Я. Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде болуп өттү.

Кароо-сынактын 1-турунда  эң жогорку балл алган 9 мектептен мугалимдер катышышты.

  Сынакта сабак өтүү, өзүн тааныштыруу, педагогикалык кырдаал, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

   Жыйынтыгында баш байгени №12 Ж. Султанов атындагы орто мектебинин мугалими Кадырова Санабар ээледи. Ал эми  I орунду Асанова Гулзада  (№9 Паяз а.о.м.),  II орун Тажиматова Гулнара  (№34 “Жазгак” а.о.м. ), Мирзакулова Шахноза (№3 Р. Алибаев а.о.м.) жана III орун Мусабекова Айгерим  (№1 Ж. Бөкөнбаев а.о.м.), Азизова Гулбахор (№ 29 Мирзаходжаев а.о.м.) ээ болушту.

Кароо-сынактын катышуучуларын Ноокен райондук администрациясынын башчысы – аким Э. Маматаев, орун басары Н. Бекжигитова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы         К. Нышановдор куттукташып, өз каалоолорун айтышты.

         Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом жана Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү Т. Бакиров