Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жыл мугалими-2019” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ноокен районунда 18-19-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими - 2019» кароо-сынагы өткөрүлдү. Анын маалыматы боюнча, кароо-сынакка 12 мугалим катышып, алар өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, чыгармачылык портфолио, эссе жазуу, сабак өтүү шарттары боюнча таймашып, предметтик тесттик тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында баш байгени Масы айылындагы №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлбахор Азизова жеңип алды.  1-орунду Шайдан айылындагы   №31 Ж.Татыкулов атындагы билим берүү комплексинин мугалими Алтынай Кандаралиева,  2-орунду Сакалды айылындагы №12 К.Султанов атындагы орто мектебинин мугалими Саида Маткурбанова ээлешти.  Ал эми 3-орунга Бүргөндү айылына караштуу №20 Матмуса атындагы орто мектебинин мугалими Акылбек Кубатбеков менен Ноокен айылындагы №13 Рахманжан орто мектебинин мугалими Клара Абдыкарова ээ болушту.

Калган катышуучуларга «Мыкты сабак», «Мыкты портфолио», «Мыкты эссе» жана башка номинациялар ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Р.Жусупакматова, райондук «Ноокен жаңырыгы» гезитинин редактору Б.Райимбекова куттукташып, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн диплом жана ардак грамоталарына ээ болушуп, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

 

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто

мектебинин директору

У. Уметов