Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жыл китепканачысы - 2018» кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Адам турмушта китептин жана башка басма сөз чыгармаларынын маанисинин эбегейсиздигин, китеп билим алуунун булагы катары милдет аткаруу менен, жашоого жана иштөөгө үйрөтүп, дүйнөгө көз караштын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизээрин окуучуларга жеткире алуу менен окуу, адабий китептерге жана басма сөздөргө мамиленин таасирдүүлүгүн балдар, мугалимдер, коомчулук арасында күчөтө алган райондун орто негизги мектептеринин мыкты китепканасын аныктоо, иш тажрыйбасын уюштуруу жана жайылтуу, анын эмгегин баалоо, китепканачылар арасында ишмердүүлүктү, атаандаштыкты өнүктүрүү максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн китеп фонду боюнча адиси Г. Андарова тарабынан «Жыл китепканачысы - 2018» кароо-сынагы уюштурулуп, жыйынтыктары чыгарылды.

Анда I орунга № 12 Ж. Султанов атындагы орто мектебинин китепканачысы Маткурбанова Марварит, II  орун Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин китепканачысы Ахмадалиева Чолпонай, III орун № 7 Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин китепканачысы Бектемирова Бурул, № 30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин китепканачысы Төлөшова Айгүл, “Мыкты кесипкөй” номинациясына № 19 Казаков атындагы орто мектебинин китепканачысы Каримова Зарифа, “Мыкты аткаруучу” номинациясына № 22 Абдрахманов атындагы орто мектебинин китепканачысы А. Мырзалимовдор татыктуу деп табылышты.

Жеңүүчүлөр Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом, Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров