Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде окуучулар реалдуу режимде окуй башташты.

         Кыргыз  Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына  ылайык  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №119 буйругунун негизинде 2020-жылдын 11-ноябрынан  тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жана  саламаттыкты  сактоонун аймактык органдарынын макулдугу  менен  жалпы  билим  берүү  уюмдарынын окуучулары  үчүн билим берүү процесси реалдуу режимде уюштуруу  боюнча Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин 2020-жылдын 6-ноябрындагы  №927/1 буйругунун  негизинде  райондун мектептеринде окуу  процессин  уюштуруу боюнча атайын комиссия түзүлгөн.        

          Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкому, Ноокен райондук Ноокен райондук санэпидем көзөмөл борборунун адистери билим берүү мекемелерин карап чыгышты.

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз  Республикасынын Саламаттык  сактоо министрлигинин 2020-2021-окуу  жылында  пандемия  (COVID-19)   шартында   Кыргыз  Республикасынын   жалпы  билим  берүү  уюмдарында  окуу процессин уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө 2020-жылдын  2 –ноябрындагы  биргелешкен  буйругу  менен  бекитилген  инструкциянын  негизинде   райондун  аймагындагы  жалпы  билим  берүү уюмдарында  окуу  процессин  төмөндөгүдөй  тартипте уюштурулду.

Окуучулардын саны  300 гө чейинки жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-11 –класстары толук түрдө, окуучулардын саны  600 гө чейинки жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-6, 9,11-класстары, окуучулардын саны  600 дөн ашкан жалпы билим берүүчү мектептеринде 1, 5, 9, 11 –класстары жалпы 13 254 окуучу реалдуу режимде окуй башташты.

Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакиров