Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын райондук семинары болуп өттү

2019-жылдын 15-март күнү Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө жайгашкан №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасында райондун аймагындагы бакчалардын тарбиячыларынын катышуусунда тажрыйба алмашуу максатында райондук семинар болуп өттү.

Алгач тарбиячылар №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын базасы менен таанышышты.

Андан соң жогорку тайпанын тарбиялануучулары менен тарбиячы Мусабекова “Кийим кечелер” деген темада сабак өтүлдү. Ошондой эле тарбиячы Г.Самиева даярдаган “Жагымдуу жаз” темасында бакчанын тарбиялануучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

 

 

Материалды даярдаган:

№3 “Мээрим” балдар бакчасынын

профкому Н.Момуналиева