Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болуп өттү

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы  Кочкор-Ата колледжинде  “Ханнс Зайдель” фондунун колдоосу менен 26-апрелде  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы укуктук мамилелер” аталыштагы микротренинг болуп өттү.  

Анда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиева, Ноокен райБББнүн мамлекеттик тил боюнча адиси Г.Андарова, райондогу бардык мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары катышышты.

Микротренингде Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы  Г.Борбиева, Ноокен райБББнүн мамлекеттик тил боюнча адиси Г.Андарова жалпы типтүү нускама тууралуу, документтердин реквизиттери, документтерди топтоо, иш кагаздарынын номенклатурасы жана башка иш кагаздары боюнча презентация жасап, суроолорго жооп беришти.

Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышанов билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, кызматкерлерине иш милдеттерин аткарууда сапаттуу аткаруу үчүн нормативдик-укуктук актыларды, мыйзамдарды жакшы өздөштүрүүнү, андан сырткары  иш кагаздарын толтуруу жана кайсы маселе боюнча кимге кайрылуу боюнча айтып өттү. Семинарга катышкан билим берүү мекемелеринин жетекчилери семинардан алган маалыматтар өтө керектүү, маанилүү жана пайдалуу болгондугун айтышып, өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Материалды даярдаган

Ноокен райКБКнын инспектору

Т.Бакиров