Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде инновациялык мектептердин областтык семинары өттү

      2018-жылдын 20-апрель күнү Ноокен районундагы № 1 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде инновациялык мектептердин “Биргелешкен аракет билим сапатты көтөрөт” аттуу областтык семинары болуп өттү.

      Семинарга областтык усулдук борбордун жетекчиси А. Токтосунов, областтагы инновациялык мектептердин директорлору, мугалимдери, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Эшенкулов, айылдык кенештин өкүлдөрү, Ноокен районундагы мектептердин директорлорунун катышуусунда жогорку денгээлде өткөрүлдү.  

       Семинарда кыргыз тили, химия, чет тили, орус тили жана адабияты, геометрия, кыргыз адабияты,  математика, география сабактарынан ачык сабактар жана “Улуу деп залкар Чынгызды, тааныды дүйнө кыргызды” аттуу класстан тышкаркы иш чара өтүлдү.

       Өтүлгөн сабактар жана иш чаралар областтык усулдук борбордун жетекчиси   А. Токтосунов жана областтагы инновациялык мектептердин жетекчилери жогорку денгээлде өткөндүгүн белгилешти.

        Сабак өткөн мугалимдер областтык усулдук борбордун грамоталары менен сыйланышты.

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБК нын инспектору Т. Бакиров