Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленди

2018-жылдын 31-август күнү Ноокен районунун борбордук аянтында 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын иш-чараларынын  алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү. Аземге КРнын Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери С. Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Маматаев, орун басарлары, аппарат кызматкерлери жана райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, райондун тургундары катышышты. Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Ноокен райондук маданият үйү тарабынан кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата сүрөттөр, китептер жана кол өнөрчүлүктөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Ноокен райондук администрациясынын башчысы Э. Маматаев аземдин катышуучуларын майрамдары менен куттуктады. Райондун алдыңкы кызматкерлери өкүлдүн, акимдин жана коомдук фонддун ардак грамота, дипломдору менен сыйланышты. Спорттук оюндар, бий, ырлар, көрүнүштөр майрамдык шаң менен өттү.
Ошондой эле маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынан театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын тескөөчүсү  Т. Бакиров